Өмүрбек Текебаев: "Кыргыз мамлекетинин жарандарынын өлкө аймагына кирип-чыгуусундагы бардык тоскоолдуктар алынууга тийиш"

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын 22-майдагы жыйынында Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз берилген 30 миң паспорт тууралуу маалыматы угулду.

Жыйында депутат Өмүрбек Текебаев паспорт маселеси жарандарга олуттуу кыйынчылыктарды алып келип, айрыкча чет өлкөлөрдө иштеп жаткан эмгек мигранттары үчүн кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтты. "Ушу тапта мурда Орусияда иштеп келген 77 миңден ашуун кыргыз жарандары "кара тизмеге" кирип калышкандыктан, кайра ал жакка барып иштей албай жатышат. Биз алардын абалын жеңилдетүү боюнча иштиктүү чара көрүүгө тийишпиз. Ашыкча тоскоолдуктардын баарын алып салуу зарыл",- деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев ушу тапта мыйзамсыз берилген 227 паспорт боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын, 11 адам камакка алынганын билдирди. "Алардын арасында 4-5 жолу паспорт, 2-3 жолу пин-код алган адамдар бар экен. Тергөө жүрүшүндө алар 200 доллардан 1,5 миң долларга чейин пара беришкени аныкталды. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова мыйзамсыз берилген паспорттор 40 миңден ашканын, 7 миңден ашык киши пин-кодун алмаштырганын тастыктады. Мындай жагдай кылмышкерлерди издеп табууну кыйла татаалдаштырууда",- деди Сатыбалдиев.

Ал эми эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Асыранкулов эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу, аларды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтты. "Орусия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, буюрса, студенттер Орусиянын аймагында эркин жүрө алышат. Ошондой эле күйөөсү же аялы Орусиянын жараны болгон адамдарга да жеңилдиктер каралууда. Андай катмардагы адамдар "кара тизмеден" чыгарылат",- деп кошумчалады ал.

Текебаев өкмөт өкүлдөрүнө жарандык паспорттон пин-кодду алып салуу боюнча сунуш киргизди. "Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы "акчалуу" жерди талашып жатканын түшүнүп турабыз. Бирок эки мекеменин өз ара тирешинен жөнөкөй жарандарыбыз жабыр тартпашы керек. Паспорт берүү укугун кимге ыйгарарын парламент менен өкмөт чечет. Ар кандай шылтоолор менен жарандардын паспортун алып, чет өлкө чыгарбай койгон жосунду токтотуш керек. Кылмыш кылгандарды кармагыла, камагыла. Ал эми аргасыздан аты-жөнүн өзгөрткөн адамдарды жөнү жок кармай берүүгө болбойт. Биз алардын маселелеринин чечилишине көмөк көрсөтүшүбүз керек",- дейт ал.

Жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз берилген 30 миң паспорт тууралуу маалыматы эске алынды. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге ар кандай себептерден улам паспортун же пин-кодун алмаштырган адамдардын жарандык укуктарын чектебөө тапшырылды. Аны менен бирге кыргыз мамлекетинин жарандарынын, анын ичинде эмгек мигранттарынын өлкө аймагына кирип-чыгуусуна байланышкан бардык тоскоолдуктарды жоюу боюнча тапшырма берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан