Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Нариман Түлеевге дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2010-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы 0,46 гектар жер тилкеси Түлеевдин жардамчысынын апасына сатылган. Кийин ал жер тилкеси Түлеевдердин үй-бүлөсү башкарган “ЭкспоСтрой” ишканасынын карамагына өткөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жер тилкесинин дээрлик 9 миллион сомго арзан сатылганы аныкталган. Мындан улам мамлекетке чоң суммада зыян келтирилген. Бул факт боюнча Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду.
Эске салсак, Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. Ал эми 2013-жылдын 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.