Бүгүн, 22-майда Түштүк Кореяда “Жибек жолу – Евразиянын үмүтү” аттуу көргөзмө ачылды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмө Жибек жолу өткөн кыргыз жергеси, Өзбекстан жана Азербайжан мамлекеттеринин маданиятына, тарыхына жана салттарына арналган. Салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземине уюштуруучулар Корей эл аралык кызматташуу агенттигинин президенти Ким Ён Мок, дипломатиялык миссиянын башчысы, Тышкы иштер министрликтеринин жана Улуттук корей ассамблеясынын өкүлдөрү катышты.
КРнын Түштүк Кореядагы элчилиги атайын көргөзмөгө кыргыз улуттук кийимдеринин үлгүлөрүн, музыкалык аспаптарды, кездемеден жасалган сувенирлерди жана өлкө жөнүндө баяндаган CD-дисктерди тапшырды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, көргөзмөнү 10 миңден ашуун адам көрүп кетет.