Чүй облусунда Социалдык фонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусунда Социалдык фонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал Социалдык фонддун кызматкери туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт алып берүү үчүн 2 миң доллар талап кылганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер 3 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан