
* Мындан 102 жыл мурун, 1913-жылы акын, жазуучу, көптөгөн көркөм китептердин жана сатиралык, лирикалык чыгармалардын автору
Райкан Шүкүрбеков Кара-Буура районуна караштуу Ак-Чий айылында туулган. 1933-1953-жылдары театрда артист болуп иштеген. 1938-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик филармониясынын адабият бөлүмүн башкарган. Улуу Ата Мекендик согушка катышып келген. Эң биринчи "Жаркынай" аттуу аңгемеси 1929-жылы журнал бетине жарыяланган. Биринчи китеби "Тоо элинин баатыры" деген ат менен 1936-жылы басылып чыккан. Ал кыргыз драматургиясынын, асыресе комедия жанрынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын "Күрөш", "Бейиш арасында", "Айдар", "Жапалак Жатпасов" пьесалары театрда коюлган. Таланттуу сатирик, чебер лирик катары да белгилүү болгон. Балдар үчүн да көп чыгармаларды жазган. Орус жана башка элдердин жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Райкан Шүкүрбеков 1962-жылы 49 жаш курагында кайтыш болгон.

* Мындан 584 жыл мурун, 1431-жылы Франциянын улуттук баатыры, аскер башчысы
Жанна д'Аркка англиялыктар тарабынан сыйкырчы деген кине коюлуп, чиркөө сотуна тапшырылган. Бир аптадан кийин күнөөлүү деп табылып, өрттөлүп өлтүрүлгөн. Арадан 25 жыл өткөн соң акталган.

* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы айтылуу француз футболчусу
Мишель Платини чоң футбол менен коштошкон. Ал 3 ирет (1983, 1984, 1985) "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган. Кезинде франциялык "Нанси" (1972-1979-жылдары), "Сент-Этьенн" (1979-1982) жана италиялык "Ювентус" клубдарында ойногон. Футболду таштагандан кийин, 1988-1992-жылдары Франция курама командасын машыктырган. 2007-жылы январда УЕФАнын президенти болуп шайланып, 4 жылдан соң кайрадан экинчи мөөнөткө бекитилген. Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) 2015-жылдын 24-мартында Австриянын Вена шаарында өткөн конгрессинде ошол учурдагы президент Мишель Платини кийинки 4 жылдык мөөнөткө шайланган.