6-апрелде борбор шаарда "Жасайбыз!" аттуу акция өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чараны “Колубуздан келет” кыймылынын жаш активисттери Бишкек мэриясынын, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин, эстрада жылдыздарынын колдоосу менен уюштурууда. Акциянын максаты – шаарды таштандыдан тазалоо болуп саналат. Демилгечилер алгач 15-мартта эстрада ырчыларынын коштоосунда концерт өткөрүп, андан түшкөн каражатка акцияны ишке ашырууну пландоодо.