
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти
Нурак Абдырахманов узак оорудан улам 67 жаш курагында дүйнө салган.
Нурак Абдырахманов 1946-жылы 19-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Токмок шаарындагы Республикалык маданият окуу жайын бүтүргөн. Эмгек жолу өз айылында клуб башчысы болуу менен башталган. Райондук Маданият үйүнүн жана балдар музыкалык мектебинин директору, Аламүдүн районунун Байтик айылынын Маданият үйүнүн башчысы болуп иштеген. 1986-жылдан тартып Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болгон.
Элдик жана башка авторлордун 100дөн ашык күүсүн черткен. Токтогул, Атай, Муса, Бектемирлердин жана башка элдик болуп кеткен ырларды чебер аткарган. Эл аралык көптөгөн фестивалдардын лауреаты. Анын аткаруусундагы музыкалык чыгармалар Японияда, Францияда, Чехияда, АКШда компакт-дисктерге жазылып, массалык нуска менен чыгарылган. Нурак Абдырахмановдун аткаруусундагы "Жибек жол", "Так теке" чыгармалары өнөрүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалап келген. Анын "Аттила хан", "Азаттык камбаркан", "Улуу тоолор", "Сары-Өзөк", "Найман эне" жана башка көптөгөн күүлөрү жана "Бул дүйнө", "Аппак сүйүү тартуула" сыяктуу обондуу ырлары бар. 2009-жылы "Нурактын күүлөрү" деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан.

* Мындан 120 жыл мурун, 1895-жылы ирландиялык философ, эстет, жазуучу, акын
Оскар Уайльд лондондук сот тарабынан “бузукулук жүрүм-туруму үчүн” деген айып менен (эркек киши менен мамиле кургандыгы үчүн) эки жылга эркинен ажыратылган.

* Мындан 69 жыл мурун, 1946-жылы америкалык мугалим, эжеси Милдред менен чогуу дүйнөгө атагы чыккан "Туулган күнүң менен!" ырын жазган
Патти Смит Хилл дүйнөдөн өткөн.
Патти Смит Хилл АКШнын Кентукки штатындагы Анкоридже аттуу жеринде туулган. Көп жылдар бою училищенин директору болуп иштеген. Ал эжеси менен биргеликте "Happy Birthday to You!" ырынын автору катары белгилүү. Ал ыр алгач "Кутман таңыңар менен!" деп аталган. Ырдын тексти 1924-жылы өзгөртүлүп, "Туулган күнүң менен!" деп аталып калган.
* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы Перунун борбору Лима шаарында Олимпиадага тандап алуу турунда Аргентина курама командасы менен Перу курама командасы беттеш өткөргөн. Мелдеш бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда перулуктар киргизген голду калыс эсептебей койгон. Ошол замат нааразы болгон күйөрмандар оюн талаасына чуркап чыгышып, баш аламандык башталган. Жыйынтыгында 318 адам каза таап, 500 киши жаракат алган.