Өкмөт башчы: "Элдин бийликке карата ишенимин арттыруу – биздин негизги милдетибиз"
"Элдин бийликке карата ишенимин арттыруу – биздин негизги милдетибиз". Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев 22-майда өткөн өкмөт жыйынында билдирди. Жыйында жол маселесине токтолгон Сариев транспорт жана коммуникация министринин жана Бишкек мэринин иш
күнү жолдордун абалы жана тазалыктын сакталышын көзөмөлдөөдөн башталуусу
керектигин белгиледи. “Бул боюнча мамлекет башчынын райондук, облустук
борборлордун жолун жакшыртуу боюнча атайы тапшырмасы бар. Баарыбызга
белгилүү болгондой, жергиликтүү бюджеттен каржыланган жолдордун абалы
өтө начар акыбалда. Бул багытта кошумча түрдө 1 миллиард сомдон ашуун
каражат табылды. Ошол эле учурда транспорт жана коммуникация
министрлигине жеке жоопкерчилик жүктөлүп, коррупциялык схеманы жоюу
милдети коюлган. Ал эми губернатор жана мэрлерге акча каражатынын натыйжалуу сарпталышын жана курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүн
көзөмөлгө алуу милдети тагылат. Алдыда турган 2 айдын ичинде оңдоого
муктаж жерлер аныкталып, иштер жыйынтыкталышы кажет, тийиштүү учурда
ишти 2 нөөмөттө жүргүзүү жагы каралсын. Элдин жашоо шарты, инфраструктура
деңгээли жакшырса, өз кезегинде ал элдин турмуш деңгээлине кескин оң таасирин берет”,- деп билдирди Сариев.