Бишкекте жашыруун иштеп жаткан кумаркана табылды

Бүгүн, 22-майда өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Бишкек шаарында атайын жүргүзгөн операциянын натыйжасында жашыруун иштеген казино аныкталды. Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, бул жашыруун иш алып барган кумаркананы текшерүүгө алганда анын ичинен кумаркананын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө керектүү болгон буюмдар, кумар оюнчулары, дилерлер, покердик столдор, фишка, оюн карталары жана акчалар табылган.

Учурда бул факты боюнча материалдар жана табылган далил буюмдар юридикалык баа бериш үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Кыргыз мамлекетинде кумарканаларга 2012-жылдын январынан тарта тыюу салынган. Ал эми ушул жылдын 29-апрелинде букмекердик кеңселер жана тотализатор бюролору жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
cristiano
2015-05-23 03:47:15
Дордойдо китай базарыдан чыккан тараптын бет мандайында павильондор бар. Ошол павильондордун катарында "24 саат интернет" деп жазып коюшкан. Ошол павильондун ичинде да автоматтык оюн же жашыруун кумаркана болушу ыктымал. Себеби, ичине кирсен ичинде жашыруун болмосу болчу, анын ичинде эмне кызмат корсотушот? Эч ким билейт. Азыр так айта албайм.
0
asilkg
2015-05-23 04:16:13
Эээ жомокту жазып коюптур андай жерлерди баары билет доля бербей койгон ошого ашкере кылып койду.
+2
Ulukbek_mirza
2015-05-23 05:19:08
таш рабаттада бар...сан клубтун ичи кадимки эле казино
0
ulan_rysbaev
2015-05-23 10:47:55
asilkg туура айтасын! Жон гана доля бербей койгон же бироосу акчасын уттуруп жиберген. Болбосо мындай жерлер токтобой эле иштеп келе жатат. Атын эле озгортуп жиберишкен. "Интернет Гейм" деп. Жон эле иштеп жатабыз деп пияр кыла берет экенбизда...
0
Samat81989
2015-05-23 11:37:42
министирлердики же депутатыкы болсо керек ошого эч ким тий албайт коп жерде эле иштеп журот казинолор
0
KUMU89
2015-05-23 16:24:51
Бул ушинтип чекеси жанылыка чыгатда. Анан ий адашып айтылыптыр. Ал жерде кийим тикчу цех иштейт экен деп кайра жанылыка чыкса тан калбайм деле. Себеби бир чон курсактыкыда ал жер.
0
insap
2015-05-24 11:26:55
Кумарпоздорду куурата жайлоо керек!
0
joni.joni
2015-05-24 12:38:02
Дагы бир чиновник енесини корду деп койо бергиле.
0
Lenin
2015-05-24 15:58:12
Жаппай эле коюш керек болчу. Легально эле иштей беришсе болмок. Борбордон алысыраак шаарга которуп койсо, ал шаардын структурасы дагы онукмок. Мисалы Баткен, Чаек Кочокр сыяктуу шаарларга. Букмерекрдик контораны жабышты эле мне озгорду, элдин баары интернет менен ойноп жатат. Вебмоней жыргап жатат, акча сыртка кетип жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан