Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт болгон.
Ак-Талаа районунун Баетов айылында жыгач устундуу, шифер менен жабылган үйдүн 20 чарчы метр чатыры, 4 тонна тезек күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.