Чүй районунда болгон жол кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 22-май күнү саат 15:54 чамасында Токмок-Калиновка унаа жолунун 3-чакырымында болгон. Анда Мерседес-Бенц Спринтер, Фольксваген Венто жана Фольксваген Гольф унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.