24-майга караган түнү Австриянын Вена шаарында "Евровидение-2015" сынагынын финалы өтөт. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат. Анда 27 мамлекеттин өкүлдөрү Европадагы эң абройлуу сынактын жеңүүчүсү аталууга аракет кылышат.
Айта кетсек, жарым финалда чүчү кулактын негизинде аткаруучулар 2 топко бөлүнүшкөн (1-топто 16 катышуучу, 2-топто 17 катышуучу). Алар жарым финалда ушундай тартипте таймашып, финалчыларды аныкташты. Жыйынтыгында 2 топтон ондон ырчы (жалпы 20 ырчы) финалга жолдомо алды. Ошондой эле сынакты негиздеген өлкөлөр Улуу Британия, Германия, Испания, Италия, Франция мамлекеттеринин өкүлдөрү, сынактын былтыркы жеңүүчүсү - Австриянын өкүлү жана конок катары чакырылган Австралиянын өкүлү тандоо туруна катышпай туруп финалга жолдомо алды.