"Евровидение-2015": Швециянын өкүлү Монс Зелмерлёв 1-орунду, орусиялык ырчы айым Полина Гагарина 2-орунду алды

24-майга караган түнү Австриянын Вена шаарында "Евровидение-2015" сынагынын финалы өттү. Анда 27 мамлекеттин өкүлдөрү Европадагы эң абройлуу сынактын жеңүүчүсү аталуу үчүн өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында Швециянын өкүлү Монс Зелмерлёв (365 упай) жеңүүчү аталды. Ал эми орусиялык ырчы айым Полина Гагарина (302 упай) 2-орунду камсыздады. Андан кийинки орундарга Италиянын, Бельгиянын, Австралиянын өкүлдөрү ээ болушту.  

Айта кетсек, жарым финалда чүчү кулактын негизинде аткаруучулар 2 топко бөлүнүшкөн (1-топто 16 катышуучу, 2-топто 17 катышуучу). Алар жарым финалда ушундай тартипте таймашып, финалчыларды аныкташты. Жыйынтыгында 2 топтон ондон ырчы (жалпы 20 ырчы) финалга жолдомо алды. Ошондой эле сынакты негиздеген өлкөлөр Улуу Британия, Германия, Испания, Италия, Франция мамлекеттеринин өкүлдөрү, сынактын былтыркы жеңүүчүсү - Австриянын өкүлү жана конок катары чакырылган Австралиянын өкүлү тандоо туруна катышпай туруп финалга жолдомо алышкан эле.  

"Евровидение-2015": Швециянын өкүлү Монс Зелмерлёв жеңүүчү аталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ulara-2010
2015-05-24 08:27:56
полина молодец
+7
Sharipa-asia
2015-05-24 08:49:01
Полина Гагарина фабрика звезданын окуучуларынан беле жанылышпасам, азамат таланты оркундой берсин!
+2
daniel87
2015-05-24 10:20:17
Азаматсын Полина
0
Asel.kg_90
2015-05-24 11:07:10
Монс Зелмерлёв ал ырчы гей экен журналисттер берген маалыматка караганда
-1
Bonia9189
2015-05-24 11:13:48
Полина татыкттуу болчуда каяктагы гейлер тажаттыго
+1
aygerimka
2015-05-24 11:56:12
Мен да Полина татыктуу болуп
1ди алат го дегем.
+1
saru
2015-05-24 19:16:22
Эн татыктуу женуучу болуптур.Гей дегендерге кошула албайм,биринчи бул адамдын омур баянын окуп чыксанар
0
Asel.kg_90
2015-05-24 20:17:52
кечинде НТВдан корсотту омур баянын озу оозу менен айтты мен кичинемден койнок кийип ырга шыгым бар болчу корсо мен гей экенмин деп Россия дагы орустарга биринчи жолу озум жонондо интервью берип жатам деп
0
baba.
2015-05-24 21:10:58
Полинаны 5-6 мамлекет колдогон жок.Такыр добуш бербеген мамлекеттер болду.Полина татыктуу эле.
0
Amantur.
2015-05-24 23:57:08
Полинанын голосунун тембри баарыныкынан жогору болуп турса деле негедир экинчи орунду алып калды.Бирок ушунусу да чоң жетишкендик.Эми алдыдагы финалдарда алдыга суурулуп чыгат деп үмүт кылып туралы.Ийгилик Полина!
0
Qnet
2015-05-25 04:26:00
Amantur., дагы жакшы экини алды,эгерде Полинадай кучтуу ырчы барбаганда Россия эн артта эле калып калмак.Азыркы саясаттык абал ото оор болуп турганы учун Россия катышпай эле койбойбу деп жатканбыз.Азамат биз учун 1-бойдон эле калат!Уктабай отуруп кордум!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан