Сузактагы жер көчкү бир канча адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер көчкү 24-майга караган түнү саат 01:49 чамасында Кыр-Жол айылында болгон. Анда көчкү 5 үйдү басып калып, 6 адам анын алдында калган.
Учурда 20 жаштагы Кенжебай кызы Элнура, 5 жаштагы Каныбек уулу Мирлан жана Каныбек кызынын жансыз денелери табылып, Аттокур Алимбетов, Жамиля Сейдалиева жана 6 жаштагы бала изделүүдө. Ал эми 12 адам "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага жеткирилген.