Бүгүн, 24-майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Кыргыз өлкөсүнүн сулуусу-2015” сынагынын жарым финалы өтүп жатат. Ага өлкөнүн жети дубанынан келген 46 сулуу кыз катышууда. Сынактын талабына ылайык, келишкен сулуулар өзүн тааныштыруу, көрктүү басуу, чогуу бийлөө, дизайнердик кийимдерди көрсөтүү тапшырмалары боюнча өздөрүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп жатышат. Кыздардын таланттарын калыстар баалашууда.
Белгилей кетсек, сынактын финалы Ош шаарында өткөрүлөт. Андан жеңип чыккан карлыгач “Дүйнөнүн сулуусу-2015” сынагына катышууга жолдомо алат.