Бүгүн, 24-майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Кыргыз өлкөсүнүн сулуусу-2015” сынагынын жарым финалы болуп өттү. Анда 16 жаштан 23 жашка чейинки курактагы 44 сулуу ат салышты. Сынактын талабына ылайык, карлыгачтар өзүн тааныштыруу, көрктүү басуу, чогуу бийлөө, дизайнердик кийимдерди көрсөтүү тапшырмалары боюнча өздөрүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүштү.
Калыстардын чечими менен финалдын жыйынтыктоочу бөлүгүнө 25 бийкеч өттү. Сынактан өтпөй калгандарга белектер берилди. Финал июнь айынын соңунда Ош шаарында өткөрүлөт. Андан жеңип чыккан селки “Дүйнөнүн сулуусу-2015” сынагына катышууга жолдомо алат.