Сокулук районунда турак жай күйүп, бир адам жаракат алды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков айылында бир турак жай күйүп, андан бир адам жаракат алды. Бул тууралуу 25-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 
Маалым болгондой, жаракат алган 1985-жылы туулган Таир Махмудов айнекке колун кесип алган. "Тез жардам" унаасы менен ал ооруканага жеткирилген. Ал эми турак үйдүн 35 чарчы метр чатыры, диван, сыналгы, төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан