Бишкекте жол кырсыгы катталып, 6 мектеп окуучусу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-майга караган түнү 8-класста окуган бала атасынын уруксаты жок Тойота Ипсум унаасын айдап чыгып, жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен унаанын айдоочусу жана анын 5 классташы жабыркап, ооруканага жеткирилген.