Токмокто мас айдоочу 58 жаштагы айымды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-май күнү саат 18:00 чамасында болгон. Анда Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу жол четинде турган 1957-жылы туулган айымды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ошол учурда айдоочу мас абалында болгон.