Баш калаада 22-24-февраль күндөрү “Айыл-агро” аттуу көргөзмө болот. Бул тууралуу 19-февралда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы астында өткөн эл аралык агро-өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү жана ага даярдануу боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтылды. Көргөзмөнүн максаты – Кыргызстандын агрардык деңгээлин инвесторлорго тааныштыруу, фермерлерди жаңы техникалар менен тааныштыруу болуп саналат. Ал эми Сарпашев көргөзмөнү ийгиликтүү өткөрүүгө өкмөт кызыкдар экендигин билдирип, көргөзмөнүн алкагында айыл чарба бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.