Айрым депутаттар жайыттан түшкөн каражаттын үчтөн бирин жергиликтүү бюджетке калтырууга каршы чыгышты

25-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. 

Демилгечилердин бири депутат Абдулатип Режевалиевдин айтымында, мыйзам долбоору жайыт ресурстарын пайдаланууну башкаруу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган. Мыйзам долбоорунун милдети - жайыттарды пайдаланууну башкаруунун, ошондой эле токой фондунун жайыттарын пайдаланууда кызыкдар тараптардын конструктивдик мамилесинин натыйжалуулугунун жакшыртуу. Андан сырткары жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын ролдорун күчөткөн тараптардын кызматташуусу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Долбоордо жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттардын үчтөн бирин жергиликтүү бюджетке калтыруу каралган.

Мыйзам долбоорунун 1-окуудагы талкуусунда жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттын үчтөн экисин калтыруу сунушу дагы көтөрүлгөн.

Депутат Эсенгул Исаков жер-жерлерде Жайыт комитеттери бутуна туруп кете электе үчтөн экиси эмес, үчтөн бирин дагы жергиликтүү бюджетке калтыруу туура эмес экенин белгиледи. Ошону менен катар жайыттардан түшкөн каражатты жергиликтүү кеңештердин депутаттары көзөмөлдөй аларын кошумчалады. Мындай пикирди улаган Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаментинин директору Абдималик Эгембердиев жер-жерлердеги Жайыт комитеттеринин өкүлдөрү бул түзөтүү азырынча эртелик кыларын айтышкандыгын маалымдады.

"Бузулган бир көпүрөнүн айынан 10 миңдеген жайыттар пайдаланылбай жаткан фактылар көп" деген депутат Талантбек Узакбаев дагы каражаттын үчтөн бирин жергиликтүү бюджетке өткөрүүгө каршылыгын билдирди.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү жайыттардан түшкөн каражаттын үчтөн бирин айыл өкмөтүнө берүүгө каршы болушуп, бирок жалпысынан мыйзам долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан