Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек – Ош унаа жолунун 91-чакырымында болгон. Анда 19 жаштагы айдоочу Мазда үлгүсүндөгү унаасы менен жол жээгиндеги тосмону сүзүп алган. Анын кесепетинен айдоочу каза таап, 4 адам жабыркаган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.