Өзгөн районундагы жол кырсыгынан жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 23-май күнү саат 23:00 чамасында болгон. Анда Хундай Портер унаасы менен Фольксваген Пассат унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаанын эки жүргүнчүсү жабыркап, бир жүргүнчү каза тапкан. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.