Базар-Коргон районунда эки унаа сүзүшүп, 2 адам жабыркады

Базар-Коргон районунда эки унаа сүзүшүп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 23-май күнү саат 18:00 чамасында аталган райондун Абдураимов айылында болгон. Анда Мерседес-Бенц унаасы менен Хундай Портер унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу жана 3 жүргүнчү жеңил жаракат алышкан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
E.TARZAN
2015-05-25 16:25:24
Кудай сактай коор! Айдоочулар акырын, шашпай, жол эрежесин сактап айдаса болбойбу. Барчу жерине кечиксе аз эле убакыт кеч барат го. Озунун ден соолугун, омурун тобокелге салбай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан