Ошто Ноокат райондук аскер комиссарынын жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган аскер комиссарынын жардамчысы Т.А. облус тургунунан баласын альтернативдик кызматка которуп берүү үчүн 6 миң сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Т.А. пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда ал үй камагына чыгарылып, ишти Башкы прокуратура тергеп жатат.