Ош шаарында белгилүү ишкерди карактоого даярданып жаткандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-май күнү милиция кызматкерлерине 22 жаштагы Өзгөн районунун тургуну кайрылган. Анда ал “милиция кызматкерибиз” деп тааныштырган белгисиз адамдар уюлдук телефонун тартып алышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Чүй облусунун 22 жаштагы С.Д., 20 жаштагы М.В. жана 22 жаштагы Ч.Э. аттуу тургундары кармалышкан. Алардын айтымдарында, Ош шаарына белгилүү ишкердин үйүн карактоо үчүн келишкен. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.