Жылнаама, 26-май: Мындан 87 жыл мурун “Доктор Өлүм”, “Доктор Суицид” деген аттары менен белгилүү болгон америкалык врач Жек Кеворкян туулган

* Мындан 87 жыл мурун, 1928-жылы пациенттерин өз каалоосу менен өлтүргөн “Доктор Өлүм”, “Доктор Суицид” деген аттары менен белгилүү болгон америкалык врач Жек Кеворкян АКШнын Мичиган штатындагы Понтиак шаарында төрөлгөн. 1952-жылы Мичиган университетинин медициналык факультетин аяктаган. Кийин Детройт шаарындагы ооруканада, Калифорния, Мичиганда патологоанатом болуп иштеген. 
Жек Кеворкян оорулууларды айыктырууга мүмкүн болбой калганда оорулуунун макулдугу менен өмүрүн кыюуну туура деп чыккан. 1989-жылы "Мерситрон" аттуу бейтапка өлүмгө алып келе турган дарылардын дозасын куя турган машинаны ойлоп тапкан. 1990-жылы 4-июнда биринчи жолу Альцгеймер оорусу менен алышып келе жаткан оорулуу "Мерситрондун" жардамы менен өз өмүрүн кыйган. 1990-1998-жылдары жалпысынан анын жардамы менен 130дан ашык адам көз жумган. Жек Кеворкяндын бул идеясы көпчүлүккө жакпай, АКШнын бийлиги менен дарыгерлер каршы чыга башташкан. 1991-жылы Жек Кеворкян медициналык иш алып баруучу лицензиясынан айрылган. Ошентип, Кеворкян 1999-жылы 10 жылга кесилип, 2007-жылы 1-июнда 79 жашында жакшы жүрүм-туруму үчүн эркиндикке чыккан. 2011-жылы май айында Жек Кеворкян пневмония оорусу менен ооруканага жатып, 3-июнда Детройттогу ооруканалардын биринде 83 жаш курагында каза болгон.
 
* Мындан 77 жыл мурун, 1938-жылы Германиянын Вольфсбург шаарында Адольф Гитлер “Фольксваген” заводунун курулушуна алгачкы ташты таштап берген. "Фольксваген" деген сөз ("фольк" - эл, "ваген" - унаа) "элдин унаасы" деген түшүндүрмөнү берет. Анын эмблемасы "фольк" жана "ваген" сөздөрүнүн баш тамгаларынан алынып, "VW" логотиби колдонулат. Жылдан-жылга өнүгүп отуруп Фольксваген унаа базарында өз ордун таап, 1955-жылы миллионунчу машинасын сатыкка чыгарган.
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы орусиялык ырчы Анжелика Варум Украинанын Львов шаарында төрөлгөн. Атасы Юрий Игнатьевич Варум композитор болсо, апасы Галина Михайловна Шаповалова режиссёр болгон. Анжелика Варумдун ырчылык карьерасы 1990-жылы башталып, 2011-жылы "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" наамын алган.
* Мындан 24 жыл мурун, 1991-жылы Таиланддын борбору Бангкоктон учуп чыккан Боинг 767 учагы 15 мүнөт өткөндө абада талкаланып, жерге кулап түшкөн. Учактагы 223 киши каза болгон.
26-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан