Ысык-Көл облусунда мас абалында сууга агып кеткен адамдын сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунда мас абалында сууга агып кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу 26-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 
Маалыматка таянсак, 25-май күнү саат 18:55 чамасында Ак-Суу районундагы Каракол айылындагы Комсомол каналынан Боз-Булуң айылынын тургуну, 1966-жылы туулган Т.А.Мусалиев аттуу жаран мас абалында аты менен өтүп жатканда суу агызып кеткен.

Окуя болгон жерге ӨКМнын Каракол шаардык №15-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Саат 20:10до Мусалиевдин сөөгүн табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан