Чүй облусунун Москва районунда “5 тонна арпа уурдаган” деп шектелген эки адам кармалды Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 23 жаштагы Б.А. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал 18-20-май аралыгында белгисиз адамдар кампадан 5 тонна арпа уурдашканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы А.А. жана 18 жаштагы А.В. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.