Маалыматка таянсак, 24-майда саат 22:30 чамасында Баетов айылынын Нургазы Амангазиев аттуу тургуну Тойота Ипсум унаасы менен кетип баратканда 3 бала бычак менен коркутуп унаасын тартып алышып, белгисиз жакка айдап кетишкен. Бул тууралуу жабырлануучу райондук милиция бөлүмүнө кайрылган. Нарын ОИИБинин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан ошол эле айылдын 1992-1993-жылы туулган тургундары кармалышты. Ал эми бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.