Ысык-Көл. Каракол шаарында "ВОР" аттуу рейд жүрүүдө

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын “Ак-тилек” базарында уюлдук телефон алып саткандарга шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан “ВОР” аттуу рейд жүргүзүлүүдө. Ал жерде иштеген бардык адамдарды каттоого алуу, сүрөткө тартып алуу иштери уюштурулуп жатат. Бул тууралуу ОИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Тюкебаев билдирди. Мындай иш-чаранын максаты - ал жерде иштегендерди документтештирүү болуп саналат. Эскерте кетсек, 2012-жылы облуста уюлдук телефон уурдоо боюнча 130 факты катталып, алардын 98ине кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан