Ички иштер министри: "Айрым депутаттар Камчы Көлбаевди "баатыр" дешип, анын сүрөтүн мектептерге илиш керек экенин айтышкан"

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер боюнча маалымат берүүдө.

"ИИМдин башчысы кызматына Шамиль Атаханов келгенде Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызмат талкаланган. Полковник Толкунбек Шоноевди атып кетишкен, бирок ага эч ким жооп берген жок. Ошондон кийин бул кызматка ишенич жоголгон. Кызматкерлер кыскартылып, жумушу жок жүрүшкөн. Ошол кезде криминалдык элементтер башын көтөрүшкөн. Айрым журналисттер, депутаттар Камчы Көлбаевди "баатыр" деп, "анын сүрөтүн үйгө, мектептерге илиш керек" деп айтышкан. Ал эми азыркы тапта кызматка жакшы балдар келишти, иш жүрүп жатат",- деди Турганбаев.

Айта кетсек, жыйында "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан