Жалал-Абад облусунда 2 адамдын Сириядагы согушка катышуу үчүн кеткени аныкталды

Жалал-Абад облусунда 2 адамдын Сириядагы согушка катышуу үчүн кеткени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районунун 1994-жылы туулган А.Р. аттуу тургуну 2014-жылдын декабрь айында "Жалал-Абад шаарына иштегени кеттим" деп Сирияга кетип калган. Ал эми ошол эле райондун 1996-жылы туулган К.И. аттуу тургуну 2014-жылдын май айында Сузак районундагы медреседе окуусун бүтүрөрүн айтып, андан ары Сирияга жол тарткан. Учурда булар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asan-aka
2015-05-26 19:33:48
Фитке иштеп келебиз деп кетсе керек да анан да булар тиги махаладан болсо керек
0
sergo
2015-05-27 09:01:00
Кобунчо ошол тиги махаладагылар кетишет жаман жадатышты ушулар дагы бир балени баштабагай эле. Аларды издебей эле коюш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан