Сокулук районунда "үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз" делип 14 жаштагы кыз изделүүдө

Сокулук районунда "үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз" делип 14 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2001-жылы туулган Гулистан Мамедова 23-май күнү саат 17:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ошол күнү кара күрмө, ак футболка, көк түстөгү жынсы шым, кара түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн.

Эгер бул кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, 0550 88-87-24, 0550 64-17-50, 0708 01-70-59 номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shaa-82
2015-05-26 13:39:23
келет 2-3 кундо бул да айланып жакын туугандарынын биринин уйундо болсо керек жоголгондордун баарыле ошентип табылып ататго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан