Ырчы
Гүлнур Сатылганова Ош шаарындагы Ош улуттук драма театрында 5 күндүк концерт коюп жатат. Кечээ, 25-майда башталган концерт 29-майда жыйынтыкталат. Ырчы
SUPER.KG порталына концерттин биринчи күнү ийгиликтүү өткөнүн билдирди.
"Негизи, бир канча күнгө созулган концерт бергенде башталышы гана кыйын болот. Биз Ош шаарына 30-35 кишиден турган чыгармачыл топ менен келдик. Алардын катарында профессионал музыканттар, бийчилер бар. Концерттин өзгөчөлүгү жандуу өтүп жатканында болду",- дейт ырчы айым.
Г.Сатылганова Ош шаарында жеке концертин акыркы жолу 2007-жылы бергенин айтат. "Концертке келгендер жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү болушту. Улуу муундун кызыкчылыгын эске алып, эски ырларды көбүрөөк аткарганга аракет кылдым. Элдин аң-сезими өсүп, барган сайын чыгармачылыкка талап өсүп жатат. Оштогу күйөрмандар аябай жакшы кабыл алышты",- дейт ал.