Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Депутат Жылдыз Жолдошева СИЗОдо жаткан депутат Садыр Жапаровдун кайрылуусун депутаттарга таратып берди жана ал кайрылууну жыйында окуп берүү сунушун добушка коюп, өтпөй калды. Айта кетсек, бүгүнкү жыйында "Кумтөр" боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын иш жыйынтыгын кароонун уландысы жана өкмөттүн түзүмүнө өзгөртүү киргизүү тууралуу маселе каралат.