Бишкекте алдамчылыкка шектелип жактоочу Икрамидин Айткуловдун баласы кармалды. Бул тууралуу маалыматты Айткулов өзү тастыктады.
“Ооба, ал күнөөлүү. Чоң суммадагы акча алып, бере албай калыптыр, бирок бул жерде менин баламды пайдаланып жатышат. Ушундай жол менен кимдир бирөөлөр мага жана иниме басым көрсөтүшүүдө. Бүгүн Биринчи Май райондук соту уулумдун баш коргоо чарасын карайт”,- дейт Айткулов.