"Кыргыз өлкөсүндө бир эле "мыйзамдагы ууру" бар, ал - Камчы Көлбаев",- деди бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин башчысы
Мелис Турганбаев.
"Массалык маалымат каражаттары кыргыз мамлекетинде "мыйзамдагы ууру" деп 4-5 адамдын аты-жөнүн жазып келишет, бирок булар ушактар. Анткени мындай маалыматтар ырасталган эмес",- деп түшүндүрдү министр.
Айта кетсек, жыйында "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.