Алмазбек Атамбаев: “Евразиялык экономикалык биримдик чек ара маселелерин чечүүнү тездетет”

Евразиялык экономикалык биримдик делимитация жана демаркация боюнча маселелерди чечүүнү тездетет. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облустук администрациясында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук активисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, кыргыз жергеси учурда аталган альянска эң жакшы шарттарда кирүүдө.

Биз үчүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү оңой процесстерден болгон жок, бирок биримдик өлкөдө жаралган чек ара маселелерин чечүүнү тездетет. Мындан тышкары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн каражаттар айыл чарба жаатын да алдыга жылдырууга жакшы өбөлгө болууда”,- деди президент.

Мамлекет башчы жарандарды күзүндө өтчү парламенттик шайлоого активдүү катышып жана жети өлчөп, бир кескендей мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле өлкөдө каналдарды куруу, ирригациялык системдерди өнүктүрүү аймактардагы ар кандай экономикалык тармактардын өнүгүшүнө алып келерин айтты. Коррупция менен күрөшүү, диний тармакты көзөмөлдөө, жаштарды колдоо жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маселелер өлкөнүн саясатынын башкы максаты болуп эсептелерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан