Ысык-Көл облусунда төрт күндүн ичинде 8 өрт кырсыгы болгон. Бул тууралуу ӨКМнин Ысык-Көл облустук өрткө каршы кызматынын ага инспектору Бекжан Жексембиев билдирди. Анын айтымында, Каракол шаарындагы Валиханов көчөсүндө жайгашкан карагай тилүүчү жайдын 22 чарчы метри, Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 10 тонна чөп, Тоң районунда турак үй жана башка өрт кырсыктары болгон. Белгилей кетсек, бул өрт кырсыктарынын кесепетинен казынага 621 миң 119 миң сомдук чыгым келтирилген.