Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында "CASA-1000" Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору каралууда.
Депутат Бакыт Шаршеев бул долбоор менен таанышкан соң, орус тилине чала жана түшүнүксүз которулганын айтты. "Бул долбоор өлкөбүздүн келечеги үчүн абдан пайдалуу. Аны жактыруу керек. Бирок мындай начар которулган документти кантип жактырабыз?"- деп сурады депутат.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев долбоор англис тилинен которулганын билдирип, бул кемчиликти жоюуга убада берди.
Айта кетсек, “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу менен кыргыз өлкөсү электр энергиясын Пакистанга, Ооганстанга жана башка өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк алмакчы.