Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети 26-майдагы отурумунда республикалык бюджеттин аткарылышында парламенттин көзөмөлдөө иш-милдетин күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулады.
Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев маалымдагандай, Бюджет кодексинин долбоорун иштеп чыгуунун башкы максаты - бирдиктүү бир бюджеттик тутумду түзүү. Кодекстеги дагы бир өзгөчөлүк ар бир жарандын бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматка ээ болуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүп, жергиликтүү бюджетти күчөтүү чаралары камтылган. Эл аралык тажрыйбалар эске алынып, жалпысынан үч жүздөн ашуун өзгөртүү киргизилүүдө.
Депутаттар жаңыдан иштелип чыккан Бюджет кодексинин долбоорун кабыл алуунун маанисине токтолушуп, өлкө аймактарынын экономикасын өнүктүрүүгө жол ачышы керектигин баса белгилешти.
Талкуу соңунда комитет мүчөлөрү тарабынан Бюджет кодексинин долбоору экинчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.