Бүгүн, 26-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарчасында 52870-аскердик бөлүмдүн ачылыш аземи өтүүдө. Аталган жерде заманбап казармалар, ашкана, спорттук зал, аскер унааларынын жайы, медициналык пункт, конференциялар үчүн зал, офицерлер жана келишимдик негизде кызмат кылган аскерлер үчүн жатаканалар салынган. Жаңы имаратка салтанаттуу түрдө капсула салуу 2012-жылы август айында болгон. Салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземине президент Алмазбек Атамбаев катышууда.