Жогорку Кеңештин комитети электр энергияны чет өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк бере турган долбоорду жактырды

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында "CASA-1000" Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору каралды.
Энергетика жана өнөр министрлигинен билдиришкендей, бул долбоор Европалык инвестициялык банктын демилгеси менен даярдалган. "Бул банк 70 миллион доллар бөлүп бермекчи. Бул каражат өлкөнүн аймагында 450 чакырым электр өткөрүүчү зымдарды орнотууга жумшалат. Долбоорго ылайык, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Ооганстан менен Пакистанга керектүү көлөмдө электр энергияны экспорттойт",- деди министрликтин өкүлү. 
Жыйынтыгында комитет долбоорду жактырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан