Бөдөш Мамырова: "Добуш берсем туура эмес болуп жатат, эмне, Жогорку Кеңешке да хакерлер кирдиби?"

Бүгүн, 21-февралда ЖКнын жыйынында "Кумтөр" маселеси боюнча Садыр Жапаровдун кайрылуусуна добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Бөдөш Мамырова макул эместигин айтты. "Кайрылуу боюнча мен "ооба" деп добуш бергем. Бирок бул жерде "добушка катышкан жок" деген маалымат келди. Эмнеге мындай болот? Же эмне, Жогорку Кеңешке да хакерлер кирдиби?"- деди Мамырова. Айта кетсек, бүгүн ИИМдин расмий сайтына хакерлер киргендиги жарыяланган болчу.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан