Бүгүн, 21-февралдагы ЖКнын жыйынында СИЗОдогу депутат Садыр Жапаровдун "Кумтөр" боюнча кайрылуусун депутат Жылдыз Жолдошова окуп берди. Жапаровдун кайрылуусунан кыскача: "Урматтуу депутаттар, сиздер айрым шылуундарга алданбаңыздар. "Кумтөрдү" 100 пайыз мамлекетке алышыбыз керек. Бул улутташтыруу эмес, биз жөн гана өзүбүздүн жерибизди өзүбүзгө алып жатабыз. Урматтуу депутаттар, "Кумтөр" маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу туура эмес. Комиссия "Кумтөргө" барып, "эй, достор, элдер силердин айыбыңарды билип калышты, эми буга канча айып төлөйсүңөр?" деп айтышкан".