Ысык-Көл. Милиция менен калктын кызматташтыгы күч алат

20-февралда Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Тамга айылында коомдук профилактикалык борбордун иши жана милиция кызматкерлери менен калктын кызматташтыгына арналган семинар болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү коомдук профилактикалык борбордун иштөөсү, укук бузуулардын алдын алуу маселелери талкууланды. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө аталган облуста 70тей коомдук профилактикалык борбор иш алып барат. Анын курамына аялдар ассоциациясынын, жаштар бирикмелеринин, аксакалдар сотунун, жергиликтүү элдин жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан