Феликс Куловдун парламенттик шайлоодогу босоголук чекти 9 пайызга чейин көтөрүү демилгесине айрым депутаттар каршы чыгышты

Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында депутат Феликс Кулов "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү демилгеледи. Ал сунуштагандай, 7 пайыздык босоголук чекти 9 пайызга чейин көтөрүү, ал эми регионалдык босогону 0,7 пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөтүү керек. 
Талкууда айрым депутаттар бул демилгени сынга алышты. "Ф.Куловдун бул мыйзамынын максаты - парламентке азыраак партиянын келүүсүн шарттоо. Бул туура эмес. Эгер парламенттин ишин эл бааласа, анда аз партия келиши керек. Бүгүнкү күнү мыйзам менен бууп, акча менен келген партиялар иштебей жатышпайбы. 
Жогорку Кеңешке чыныгы эл өкүлдөрү келсе, ошондо өсөбүз. Министрликтерди бөлүп салып, иш жылбай жатса, кантип өнүгөбүз? Баарын бөлүп албадыкпы. Ошондуктан бул мыйзам жакшылыкка алып барбайт",- деди Исаков.
Эскерте кетсек, буга чейин Феликс Кулов парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүүнү демилгелеп, парламент колдогон эмес эле. Кийин Кулов босоголук чекти 9 пайызга чейин көтөрүүнү сунуштап чыккан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан