Ош облусунун тургундары президенттен мектеп, жол жана таза суу маселелерин чечип берүүнү суранышты

Бүгүн, 27-майда Ош облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда мектеп, жол жана таза суу маселелерин чечүүнү суранышты. Жыйындын жүрүшүндө этностор аралык достукту чыңдоо, коррупция менен күрөшүү, чек араны тактоо, диний абалды көзөмөлдөө жана башка маселелер кызуу талкууланды. Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, диний көз караштар адамдын тышкы гана келбетинде эмес, ички жан дүйнөсүнөн билинип турушу керек.

Жыйынга катышкан Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдывахал Нурбаевдин айтымында, иш-чаранын 70 пайызы жергиликтүү акимдердин мактанган сөздөрү жана президенттин аткарган жумуштарына таазим этүү менен өттү. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар көйгөйлүү маселелерди айтып калууга да үлгүрүштү. Алардын арасында эскилиги жеткен мектептерди оңдоп-түзөө, таза суу жүрчү ирригациялык системдердин жана жарылган жолдор боюнча маселелерди чечүү тууралуу талкуу жакшы жүрдү. Өз учурунда мамлекет башчы айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-аракеттер көрүлөрүн белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан