
* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы балбан
Руслан Түмөнбаев Чүй өрөөнүнүн Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери Руслан Түмөнбаев 2006-жылы Дохада болуп өткөн 15-Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль, 2007-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда да коло медаль тагынган. 2008-жылы Азия чемпиону аталып, 2008-жылы Бээжиндеги Жайкы Олимпиада оюндарында 3-орунду камсыз кылган.

* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы кинорежиссёр, жазуучу жана коомдук ишмер
Дооронбек Садырбаев 69 жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Дооронбек Садырбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда) 1939-жылы 13-февралда туулган. Ал Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасманын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Бөрү эненин ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макаласы жарык көргөн.
Дооронбек Садырбаев чыгармачыл адам катары гана эмес, саясатчы катары да таанылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кыргыз эли башынан өткөргөн Үркүн жана Ош окуялары боюнча тасма тарткан.

* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы австралиялык ырчы, актриса
Кайли Миноуг Австралиянын Мельбурн шаарында төрөлгөн. 10 жашка толгондо апасы эки кызын киного тартылууга сынакка алып барган. Сынакта Кайли тандалып алынып, "Салливандардын үй-бүлөсү" аттуу фильмине жетим кыздын ролуна ээ болгон. 18 жашында "Коңшулар" аттуу ошол учурдагы популярдуу болуп жаткан телесериалга тартылган. 20 жашында Кайли беш сыйлыктын ээси болууга жетишип, "Эң жаш актриса" деп табылган. Өзгөчө Жан-Клод Ван Дамм менен тартылган "Көчө баатыры" жана "Мулен Руж" аттуу кинолор Кайлиге дүйнөлүк аброй алып келген.
1987-жылы Австралияда өткөн кайрымдуулук концертинде Кайли биринчи жолу сахнага "Lokomotion" деген ыр менен чыккан. Аталган ыр Кайлиге музыка дүйнөсүнүн эшигин ачкан. Анын 2000-жылы чыккан "Spinning Around" аттуу ыры дүйнөлүк популярдуулукка ээ болуп, ошол эле жылы Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарында да ырдалган.
* Мындан 20 жыл мурун, 1995-жылы күчү 7,6 баллга жеткен зилзала Сахалин аралындагы Нефтегорск кыштагын толугу менен талкалаган. Кыштакта болгон 3197 кишиден 2040 адам имараттардын урандысында калып көз жумган.